ШААРЫБЫЗДА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

07.11.2024, 16:37

Кароолор (26)

 

Бүгүн, 7-ноябрда, шаар мэри А. Маткалыков жана жергиликтүү жетекчилер кыргыз мамлекетинин түптөлүүсүнө зор салым кошкон улуу инсандардын урматына эскерүү аземин өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер эстеликтерге гүлчамбар коюп, маркумдардын арбагына куран окуп, бата кылышты. 

Шаар мэри өз сөзүндө: "Өткөндөр баркталмайынча, тирүүлөр данкталбастыгын," — баса белгилеп, ата-бабалардын өлкө түптөлүшүнө кошкон салымы келечек муун үчүн чоң тарбия экенин айтты.

Эскерүү аземи Т. Кулатов атындагы шаардык музейде чакан иш-чара менен жыйынтыкталды.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.