Бүгүн 2024-жылдын 10-октябрында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Сауд Арап Падышасы Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору менен биргелешип жүргүзүп жаткан “Кыргыз Республикасындагы калктын аяр катмарларын колдоо максатында “азык-тулук 2024” долбоорунун алкагында. Кызыл-Кыя шаардык эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо бөлүмү менен биргеликте шаарыбыздагы 250 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май, жана күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр таратылды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.