ШАХМАТ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ БОЛУП ӨТТҮ

01.10.2024, 18:00

Кароолор (19)

 

            

            2024-жылдын 28-сентябрында 1-октябрь “Карыялар күнүнө” жана Баткен облусунун 25 жылдыгына карата шахмат боюнча салтка айланган. Кызыл-Кыя шаарынын мэринин кубогу болуп өттү. Ага Кадамжай, Араван, Ноокат жана Лейлек райондорунан 50гө жакын спортчулар катышты. Иш-чаранын негизги максаты спорт аркылуу элдин ынтымагын бекмдөө экендигин шаар мэри өз сөзүндө баса белгилеп кетти. Мелдеш шаардык спорт комитети тарабынан уюштурулуп, жеңишке жеткендерге мэрия тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.