Шайлоо — бул ар бирибиздин үнүбүз!
Жаран болуу — бул өлкөнүн келечеги чечилип жаткан учурда четте калбоо демек. Ар бир добуш — бул ак ниет, адилеттүү жана ишенимдүү келечекке салым.
2025-жылдын 30-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт — бул күнү ар бир жаран өзүнүн жарандык позициясын билдирип, өлкөнүн тагдырына таасир эте алат.
Өзүңүз тиркелген шайлоо участкасына келип добуш бериңиз.
Башкалар сиздин ордуңузга чечим кабыл албасын. Өз тандооңузду аң-сезимдүү жана жоопкерчилик менен жасаңыз. Анткени биздин коомдун келечеги — активдүү жана күчтүү же кайдыгер жана алсыз болушу — ар бирибизден көз каранды.
Жарандык позицияңызды көрсөтүңүз — шайлоого катышыңыз!