СОТ ТҮЗҮМҮ МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШ АЛЫП БАРУУДА ЖЕТИШКЕН ИЙГИЛИКТЕРИ ҮЧҮН СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

06.12.2024, 19:59

Кароолор (34)

 

2024-жылдын 5-декабрында Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын имаратында шаардык соттун төрагасы М.М.Дарманкулов 22-ноябрь “Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына жана “Кыргыз Прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык” юбилейлик мааракесине карата өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышып, Баткен облусунун аймагында мыйзамдуулуктун чыңдалышына жана Сот түзүмү менен тыгыз иш алып барууда жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлоо ирээтинде Кызыл-Кыя шаарынын прокурору юстициянын полковниги Б.А.Өмүркановго, прокурордун орун басары юстициянын подполковниги Э.С.Койлубаевге Баткен облустук сотунун төрагасы А.А.Апышевдин атынан “Ардак грамоталарды” тапшырды.

 

Булак: Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.