СОВЕТТИК АРМИЯНЫН АФГАН РЕСПУБЛИКАСЫНАН ЧЫГАРЫЛГАНДЫГЫНЫН 36 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

15.02.2025, 13:46

Кароолор (97)

 

2025-жылдын 15-февралында Кызыл-Кыя шаарында Советтик Армиянын Афган Республикасынан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү максатында салтанаттуу митинг өткөрүлдү.

Иш-чара Баткен жана Афган согушунун ардагерлерине арналып тургузулган эстеликтин жанында уюштурулуп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жамааттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Митингде Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков жана шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов согуш ардагерлерин Советтик Армиянын Афган Республикасынан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы менен куттуктап, алардын көрсөткөн кайратмандыгы жана эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди. Өткөндөрдүн арбагына багышталып куран окутулуп дуба кылынды.

Ошондой эле, Афган согушунун ардагерлерине Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынан колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен акчалай жардам берилди. 

Бул иш-чара Афган согушунда курман болгон баатырларды эскерип, арабыздагы ардагерлерге сый-урмат көрсөтүү максатында өткөрүлдү.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.