“ТАРБИЯНЫН МАҢЫЗЫ АДЕПТҮҮЛҮКТӨ” АТТУУ БАЛДАР КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

15.02.2025, 13:25

Кароолор (140)

 

2025-жылдын 14-февралында №11 М.Куренкеев атындагы орто мектебинде “Тарбиянын маңызы адептүүлүктө” темасында Балдар кеңешмеси болуп өттү.

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков катышып, окуучулар менен ачык маек куруу аркылуу тарбиянын мааниси, адептүүлүк, билим алуунун ролу жана келечекке болгон көз караш тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле, окуучулардын ар түрдүү суроолоруна жооп берип, пайдалуу кеңештерин айтты.

Мындан тышкары, 14-февраль – Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнү экенин белгилеп, балдарга китептерди белекке берди.

Бул иш-чара окуучулардын адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөөгө жана билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.