Т.ИМЕТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

25.12.2024, 23:01

Кароолор (140)

 

Бүгүн Улуу Ата мекендик согуштун ардагери жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими Т.Иметовдун жаркын элесине арналган 14-эл аралык Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш башталды.

Мелдешти шаар мэри А.Маткалыков ачып келген спортчуларга ийгиликтерди каалап кетти.

Бул ири спорттук иш-чарага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан жана коңшу Өзбекстан Республикасынан келген спортчулар катышууда. Жалпысынан, мелдешке 550 спортчу катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Бул мелдеш жаштар арасында спортко болгон кызыгууну арттырууга, достукту жана кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү спорттук окуя болуп эсептелет. 

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.