Бүгүн 2024-жылдын 29-ноябры Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу" жарлыгына негиз. Шаар мэринин окуучу балдар, кыздар арасындагы тогуз коргоол боюнча эки күндүк турнири жыйынтыкталды. Турнир 28-29-ноябрь күндөрү №8 А.Навои орто мектебинде өттү.
Шаар мэри А.Маткалыков балдар менен тогуз коргоол ойноп, турнирде байгелүү орунду ээлегендерди куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.