Урматтуу айдоочулар! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.
Шаарыбыздын күнүмдүк турмуш-тиричилигин камсыз кылууда автомобиль транспортунун жана жол чарба тармагынын ээлеген орду чоң. Шаар тургундарына транспорттук кызмат көрсөтүүдө, жүргүнчүлөрдү ташууда майрам, дем алыш дебестен элге кызмат кылууда эмгегиңиздер өзгөчө.
Сиздер күн сайын адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу менен, жолдордо тартипти сактап, жоопкерчилик менен иштеп келесиздер. Сиздердин эмгегиңиздер ар бир үй-бүлөнүн амандыгына, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Ар дайым жолуңуздар түз, сапарыңызда байсалдуу болсун.
Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.