ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН ЖАНА БАЛДАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

25.12.2024, 22:47

Кароолор (325)

 

2024-жылдын 15-декабрында Кызыл-Кыя шаарында прокуратуранын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулукту жана балдар катышкан кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын прокурору, юстициянын полковниги Б.А. Өмүрканов, шаар мэринин биринчи орун басары И. Бабаев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышы талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун себептери, алардын алдын алуу жолдору кеңири каралып, катышуучулар өз суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин кызматкерлерине мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Бул жолугушуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти бекемдөө максатын көздөдү.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.