УКМК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨРДҮ ЖОЮУ МАКСАТЫНДА КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ЖҮРГҮЗӨТ

15.11.2024, 18:58

Кароолор (19)

 

            Бүгүн 2024-жылдын 15-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында. УКМК тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы подполковник З.Кожомбердиев жана мэриянын аппарат кызматкерлери, билим берүү тармагындагы эмгектенген мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анткени билим берүүдөгү кызматкерлердин өз кызыкчылыгына кыянаттык менен пайдаланган коррупциялык көрүнүштөр жок эмес. Мамлекеттин бюджетине кол салган жасалма тендерлер өткөрүлгөн учурларда кездешүүө. Анан да жер-жерлерде  бала бакчанын, мектептин директорлору  балдарды кабыл алууда акча алган көрүнүштөрүнөн улам коомчулукта нааразычылыктар айтылып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй ар бир жаран негизги жалпы билим алууга милдеттүү жана мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто билимди акысыз алууга укуктуу. Бирок, мыйзамга каршы иш туткан, коррупцияга аралашкан бала бакча жана мектеп жетекчилигине карата мындан ары аесуз күрөш жүргүзүлөрү айтылды. Жыйында шаар мэри Асилбек Маткалыков директорлорго кайрылып, окуучуларды 1-класска кабыл алууда, башка мектепке которууда жана балдарды бакчага киргизүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербоого чакырды.

Өз кезегинде УКМК мектептерде мыйзамсыз акча алган кызматкерлер жана пара бергендер жоопко тартыларын эскертти. Белгилей кетсек, буга чейин билим беруу тармагындагы бир катар адамдар УКМК тарабынан коррупцияга шектелип жоопко тартылган учурлар катталган.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.