2024-жылдын 1-октябрында Кызыл-Кыя шаарында улгайган адамдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул күндү белгилөө максатында шаардагы ардагерлер жана улгайган жарандар чакырылып, аларга өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү. Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмү келгендерге майрамдык концерт тартуулады. Ошондой эле шаардык ЖДПБнун дарыгерлери карыяларыбыздын саламаттыгына кам көрүштү.
Шаар мэри А.Маткалыков иш-чараны ачып жатып, карыялардын коомдогу орду жана алардын салымы тууралуу сөз кылып, бардык ардагерлерди бул майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук жана узак өмүр каалады. Ошондой эле шаар мэри ордун да жаткан карыяларыбызга да барып белектерин берип, кабар алып келди.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.