“ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ, КӨЧӨ, КВАРТАЛ” КАРОО-СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

25.03.2025, 17:28

Кароолор (18)



Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан шаардын көркүн жакшыртуу, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо максатында “Үлгүлүү үй, көчө, квартал” кароо-сынагы уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

Бул максатта Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан атайын буйрук чыгарылып, “Үлгүлүү үй, көчө, квартал” кароо-сынагынын Жобосу бекитилди. Кароо-сынакка Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы үйлөр, көчөлөр жана кварталдар катышууда.

Сынактын негизги максаты — шаардын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерин жакшыртуу. Кароо-сынактын жыйынтыгы үч айлык көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча чыгарылат. Комиссиянын чечимине ылайык, мыкты деп табылган үй, көчө жана кварталдарга “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө” жана “Үлгүлүү квартал” наамдары ыйгарылат.

Кароо-сынактын Жобосунун талаптарына ылайык төмөнкү негизги критерийлер боюнча баа берилет:

• Үйлөрдүн, көчөлөрдүн жана кварталдардын тазалыгынын камсыздалышы;

• Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери;

• Санитардык талаптардын сакталышы жана башка тиешелүү талаптардын аткарылышы.

Жеңүүчүлөргө Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылат.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 
маалыматтык камсыздоо кызматы.