УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВДУН 96 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

13.12.2024, 19:42

Кароолор (86)

 

2024-жылдын 12-декабрында “Улуттук адабият күнү” жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Кызыл-Кыя шаарындагы №5 Ч.Т.Айтматов атындагы орто мектебинде болуп өттү. Иш-чарага шаар мэри А.Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Аматов жана башка коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында мектептин музейине экскурсия уюштурулуп, таланттуу окуучулар тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылды. Бул чыгармалар жазуучунун мурастарын дагы бир жолу эске салуу менен жаштардын чыгармачылыгын даңазалады.

Шаар мэри А.Маткалыков иш-чарада сүйлөп жатып, окуучулардын талантына жана мектеп жамаатынын биримдигине жогору баа берип, Чыңгыз Айтматовдой залкар инсандар биздин аймактан да чыгаарына ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, жазуучунун 96 жылдыгына карата мектепте атайын каана уюштурулуп, ага Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылганын белгилей кетүү керек. Бул аракет жазуучунун ысымын түбөлүккө даңазалоо максатын көздөйт.

Иш-чара өзгөчө маанайда өтүп, улуттук адабияттын жана маданияттын маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.