Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү райондук администрация башчылары (акимдер) жана шаарлардын мэрлери менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу сабактары өтүүдө.
Белгилей кетсек, Коргоо министрлиги республиканын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен бирдикте жогоруда аталган кызмат адамдарын кризистик кырдаалда, өзгөчө (аскердик) абалды киргизүүдө мамлекеттик органдардын күчтөрү жана каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында жыл сайын квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүп келет.
Ошондой эле, бул курстар ар кандай мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилерге улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелериндеги негизги талаптарды өз компетенциясынын чегинде жеткирүү жана биргелешкен иш-чараларды аткарууда мамлекеттик администрациялардын ролун аныктоого багытталган.
Курстардын ачылышында Башкы оперативдик башкармалыгынын башчысы - КР КК Генералдык штабынын башчысынын орун басары полковник Кумарбек Калматаев сөз сүйлөп, " ... бул курстарды өткөрүү азыркы шарттарда түзүлгөн аскердик-саясий жана регионалдык кырдаалдын фонунда өзүнүн актуалдуулугун далилдеди..." деп белгиледи.
Андан соң полковник Кумарбек Калматаев мындай курстарды өткөрүү райондук жергиликтүү администрация башчыларына (акимдерге) жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерине мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди уюштурууга зарыл болгон кесиптик жардам көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.
Сөзүнүн аягында полковник Кумарбек Калматаев катышуучуларга курстардын ийгиликтүү өтүшүн, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жеке кесиптик өсүүсүнө ийгиликтерди каалады.
Курстар үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында аяктайт.
Булак: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.