УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ БОЛУП ӨТТҮ

14.09.2024, 15:09

Кароолор (75)

 

   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 14-сентябры тазалык күнү деп белгиленди. Ушуга байланыштуу шаарда жана шаар аймагында  ишембиликтер болуп өттү. Ишембиликке жергиликтүү тургундар жана мекеме ишканалардын эмгек жамааттары кызуу катышып "Биз таза шаар үчүн"-деген ураан менен эмгектеништи.


 

“Таштандыны тазалаган уят эмес, таштандыда жашаган уят”


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.