ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨДӨ ОБЛУС БОЮНЧА ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН НУРСУЛТАН СЫЙЛАНДЫ

07.08.2024, 13:13

Кароолор (158)

 

Бүгүн 7-августта жалпы республикалык тестирлөөдө облус боюнча эң жогорку 222 баал алган Кызыл-Кыя шаарындагы  И.Раззаков атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Шумкарбеков Нурсултан Тимурович жана даярдаган мугалими Мамаджанова Фирюза Шакиржановна Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан сыйланды. Ийгилик көрсөткөндөрдү мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев кабыл алып баалуу белектерди жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.