ЖАРНАМАЛЫК ТАКТАЛАР ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

06.08.2024, 17:20

Кароолор (91)

 

Баткен региондук мамлекеттик архитектура - курулуш контролдоо башкармалыгы, Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы биргеликте иш-чараларды өткөрүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүгүндө көчө инфраструктурасын тартипке келтирүү жана калктуу конуштардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында Кулатов көчөсүндө көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү  иштери жүрүп жатат. Бул иш-чаралар  шаардын бардык аймактарында улантылат.


 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.