Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И.Бабаев, Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Б.Жалалов. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында балдар арасындагы зомбулуктардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жыйынга шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын, колледждердин директорлору, соцпедагогдору, уюштуруу завучтары катышты.
Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Б.Жалалов шаар аймагындагы балдар арасындагы криминогендик абал боюнча маалымат берип, былтыркы жылдагы балдар арасындагы окуялар быйылкы жыл ичинде кайталанбашы тууралуу маселелер көтөрүлүп, балдарды кылмыштуулуктан оолак болууга чакырган пландарды түзүү, иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелер айтылып, талкууланды.
Кызыл-Кыя шаар аймагында 13 орто мектеп, 5 жеке мектеп, 3 кесиптик лицей, 3 атайын орто окуу жайы, 2 жогорку окуу жайы бар, ал эми жаш өспүрүмдөрдүн саны 21571.
2024-жыл ичинде балдар тарабынан 24 кылмыш катталган, ал эми балдарга карата 22 кылмыш катталган.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.