ЖАЗА АТКАРУУ ТУТУМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

12.08.2024, 15:58

Кароолор (172)

 

Бүгүн 2024-жылдын 12-август күнү Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Жаза аткаруу тутумунун №43-мекемесинин начальниги и-к полковниги А.Тургунов, ардагерлер жана тутумдун өздүк курамы катышты. Шаар мэри Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кылмыштуулукту азайтууда, ошондой эле өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамынын салымы зор экендигин белгилеп кызматтык милдетемелерин так аткарып, кылмыштуулукту азайтууда талыкпай кызмат өтөп өз салымдарын кошуп келе жаткан кызматкерлерге Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.