«Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү! Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Жергиликтүү жамааттар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембиси жергиликтүү жамааттарынын күнү белгиленет. Бул майрам КР Президентинин 2003-жылдын 15-январында кабыл алган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык 2003-жылдын 6-мартында КР Өкмөтүнүн № 107 Токтому менен бекитилген.
Өлкөбүз эгемен болгондон тарта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү жана мамлекеттик бийлик тутумундагы элге эң жакын түзүмү болуп келет.
Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жана жөнгө салынышы, ошондой эле жер-жерлердеги маанилүү социалдык, экономикалык, маданий өзгөрүүлөр түздөн-түз сиздердин катышууңуздар менен болууда.
Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үзүрлүү кызматташуусунун натыйжасында жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга шарттар түзүлүп келет. Сиздердин күнү-түнү тыным албаган эмгегиңиздер элибиздин бакубат турмушта жашоосуна багытталары жалпыга жакшы маалым.
Урматтуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадырлуу кызматкерлери, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Эл турмушун жакшыртууга багытталган ишиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр! Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо тилейм!».
Урматтоо менен: Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын
маалыматтык камсыздоо кызматы.