КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ЖАНА “КАРАВАН” АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН  АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК (У-А, У-Б) ЖАНА КЕНЖЕ (К-А, К-Б) ТОБУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

26.08.2024  22:00

Кароолор(205)

Акыркы күн

06.09.2024

Квалификациялык талаптар

1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн

- жогорку билими: бардык багыттагы – гуманитардык, социалдык же юриспруденция тармагындагы кесип ээлерине басым жасалат; 

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

Негизги мыйзамдар:

1)  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

 4) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

 5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” 

Тармактагы мыйзамдар:

1.КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы

2.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;


 

3.Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

4.“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;

5.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;

6.“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;

7.Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;

8.Жер кодекси;

9.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;

10.“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдары.

2. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн

- жогорку же орто кесиптик билими: бардык багыттагы- социалдык, гуманитардык же юриспруденция тармагына басым жасалат;

- эмгек стажына талап коюлбайт;

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:


 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Тармактагы мыйзамдар:

1. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы

2.“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;

3.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

4.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”

5.“Билим берүү жөнүндө”, 

6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамы

7.КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы.


 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-  жеке арызы; 

-  кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);

-  паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

-  резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк  таржымал (сотуулугу бар  же  жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) атайын формада;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде  күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин  ырастаган  документтердин көчүрмөсү;

- нотариустан же акыркы  иштеген жеринде  күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- нотариустан же акыркы  иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн аскердик билеттин көчүрмөсү (мырзалар үчүн)

Эскертүү: Конкурска катышуучулар, жарыя сайттка жарыялангандан тартып, 10 жумушчу күн ичинде документтер  кабыл алынат. 


 

Конкурска катышуу үчүн документтер   саат 17.00гө чейин кабыл алынат.


 

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер  конкурска  катышууга чакырылат. 

Дареги: Кызыл-Кыя шаары, Масалиева көчөсү 60, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, 

3-этаж,   байланыш телефону:  03657  5-03-97.



 

   Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 

маалыматтык камсыздоо кызматы.